Бүгүн, 4-февралда SUPER.KG порталына "ОшТВнын" журналисти Эрнис Кыязов "суракта УКМКнын кызматкерлери тарабынан эч кандай коркутуу, үркүтүү болгон жок" деп билдирди.
"Кечээ чакыруу келген соң жактоочум менен УКМКнын имаратына бардык. Тергөөчү Жээнбаев суроолорду берип жаткан. Баары видеокамерага жазылып алынды. Көбүнчө кызматтык функцияларыбызды ким аткарарын сурады",- деди Кыязов.
Эскерте салсак, 3-февралда Ош шаарындагы "ОшТВ" телеканалынын журналисттери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышкан.