Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров Нарын шаарына жана Кочкор районуна жетишпеген адистерди аймакка тартуу максатында 40 батирди бөлүп берүүнү тапшырды.
Мамлекет башчысы аймактарда орун алган кадрлардын жетишсиздигин белгиледи.
"Тажрыйбалуу медициналык жана башка адистерди аймактарга тартуу үчүн Нарын шаарында 20 батирди мэриянын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине дагы 20 кызматтык батир өткөрүлүп берилет",- деп белгиленген өлкө башчысынын басма сөз кызматы берген маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн өлкө башчысы Нарында 400дөн ашуун ипотекалык багытта салынган битирлердин ээлерине ачкычтарды тапшырды.