Словенияда кар аралаш жааган жамгырдан улам 90 миңдей керектөөчү электр жарыксыз калышты

Эки күн бою кар аралашкан жааган жамгыр 88 миңден ашуун колдонуучуну электр жарыгысыз калтырды. Бул тууралуу 4-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Темир жолдун кыймылы токтоп, жолдор тайгак болууда. Мындан улам унаалардын кыймылы татаалданып, унаа токтоочу жайдагы машиналарга муз тоңуп, ачылбай калган. Словениянын бийлиги электр жабдууларын оңдоого жардам сурап Евробиримдикке кайрылуу чечимин чыгарды. 
Аба ырайынын катаалдыгы Австриянын тоолуу райондорунда катталып, кар көчкүлөр жүрүүдө. Мындан сырткары Ирандын түндүгү, Каспий деңизинин жээктери демейдегиден ызгаар суукка кабылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан