Бүгүн, 4-февралда ЖКнын тийиштүү комитетинин отурумунда билим берүү жана илим министри Канат Садыков Бүткүл дүйнөлүк банк "Билим берүү тармагын реформалоону колдоо” долбоорун каржылоону көздөп жатканын билдирди.
"Бүткүл дүйнөлүк банк 9,1 миллион долларды насыя катары жана 7,4 миллион долларды грант катары берип жатат. Долбоордун негизинде 3-4-класстарынын бардык сабактары боюнча китептерди толугу менен басып чыгаруу каралууда. Ошондой эле 4-9-класстардын окуу куралдарына толуктоолор киргизилет. Мындан сырткары 5-6-класстардын китептеринин нускасын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Өлкөдөгү мектептерге кошумча энциклопедия, таблицалар берилет”,- деди министр.