Кадыржан Батыровдун мүлкүн улутташтырбай, Жалал-Абад облусунун губернатору Жусубалы Төрөмаматов облустук прокурор Кылыч Токтогулов менен биргеликте жеке менчик ишканаларга мыйзамсыз сатып жатышат. Мындай маалыматты бүгүн, 4-февралда басма сөз жыйынында Кадыржан Батыровдун мүлкү боюнча демилгечи тобунун өкүлү Анарбай Орозов билдирди.
Анын айтымында, К.Батыров “2010-жылдын Май, Июнь окуяларына байланыштуу этностор аралык араздашууга, массалык баш аламандыкка катыштыгы бар” деп айыпталган. 2013-жылдын 30-апрелинде облустук сот Кадыржан Батыровдун үй-мүлкүн улутташтыруу боюнча чечим чыгарган.
“Бирок сот коррупцияга малынгандыктан, токтом ишке ашпай калды. Прокурор менен өмөттүн облустагы өкүлү өз кызыкчылыктарына Батыровдун мүлкүн иштетип жатышат”,- деди Орозов.