Дамира Ниязалиева 20-30 жылдан бери КРнын жараны менен никеде жашап, жарандыгы жок аялдардын маселеси тууралуу айтты

Бүгүн, 4-февралда Социалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева 20-30 жылдан бери КРнын жараны менен никеде жашап, жарандыгы жок аялдардын маселесин көтөрдү. 

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ушундай кырдаалга кабылган тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу алардын укуктарын түшүндүрүп бериши керек. 

“Түштүктө мындай учур көп кездешет. Бирок ал аялдар кайда кайрылуу керектигин билишпейт”,- деди эл өкүлү. Мындан сырткары 2014-жылдын февраль айына карата 14 817 адам Кыргызстандын жарандыгын алганын белгилеп өттү. 

Ошондой эле Өзбекстан менен Тажикстандан мекенине келүүнү каалаган 4 миңге чукул этникалык кыргыздардын документтери кароо алдында турганын кошумчалады.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан