Бүгүн, 4-февралда Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында жаңыдан дайындалган муниципалдык мекемелердин жетекчилери депутаттардын макулдугу менен бекитилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Сессиянын жүрүшүндө шаардык кеңештин иштөө регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү маселеси каралды. Мындан сырткары коомдук маршруттук транспорттордун элди ташуудагы кызмат акысын көтөрүү маселелери талкууланды. Жыйынтыгында пенсионерлер үчүн 8 сом бойдон калып, башка тургундарга жол кире 10 сомго көтөрүлдү.
Ошондой эле шаардагы жаңы көчөлөргө белгилүү инсандар акын Түмөнбай Байзаков, комузчу Коргол Досуев жана башкалардын ысымдары ыйгарылды.