“Кыргызстанда дан эгиндери боюнча үрөндүн сапатын жогорулатуу зарыл”,- деп билдирди ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 4-февралдагы жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри кызматына талапкер Таалайбек Айдаралиев. Айтымында, сапаттуу үрөн – айыл чарба өндүрүмүн жогорулатуунун башаты.
“Чет өлкөгө чыкканда көрүп жатам. Кыргызстандагы айыл чарба тармагын реформалоого болот. Бюджеттен бөлүнгөн каражатты үнөмдүү пайдалануу зарыл”,- деди талапкер.
Депутаттар “Кийинки жылы төө буурчактын баасы түшүп кетсе эмне кылабыз?” деп суроо беришти.
Айдаралиев “биздин божомол боюнча, төө буурчактын баасы кийинки жылы азыркыдан көп деле арзандабайт” деди.