“Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азыркы абалы мени канааттандырбайт”,- деди аталган министрликтин башчылыгына талапкер Таалайбек Айдаралиев. Айтымында, министрлик кескин реформаларга муктаж.
Депутаттар узаткан “Кыргызстанга Айыл чарба министрлигинин кереги барбы?” деген суроого талапкер: “Албетте, кереги бар, айыл чарба тармагын көзөмөлгө алган мекеме сөзсүз болушу шарт”,- деди.
Айта кетсек, ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде аталган министрликке Т.Айдаралиевдин талапкерлиги каралып, жактырылды.