Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти Беларуска барды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар ЖККУнун "Бузулбас боордоштук-2026" командалык-штабдык жана "Тосмо-2026" атайын машыгууларына катышат.
Машыгуулар 12-16-октябрь күндөрү өтөрү белгилүү болду. Анын алкагында ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу, ошондой эле медициналык камсыздоо бөлүктөрүнүн катышуусунда биргелешкен көнүгүүлөр өткөрүлмөкчү.