"ОшТВ" телекомпаниясы тууралуу окуяны акыйкатчы Бакытбек Аманбаев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда акыйкатчынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-февралда акыйкатчынын Оштогу өкүлдөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жана "ОшТВнын" жетекчилиги менен жолуккан. Эки тараптын тең пикирин угуп, "ОшТВга" карата кылмыш иши мыйзам негизинде козголгонун билдирди. Мындан сырткары алардын журналисттердин ишине кийлигишпегенин жана конституциялык укугун бузбаганын кошумчалады.
Ал эми телеканалдын директору Эрнис Кыязов сөз эркиндигине басым жасалып жатканын айткан.
Эске салсак, УКМК "ОшТВ" телеканалы аймак аралык бөлүнүүгө чакырык жасап жатат" деп кылмыш ишин козгогон. Ал эми кечээ, 3-февралда "ОшТВнын" кызматкерлери муну саясий куугунтук катары баалап, "сөз эркиндигине басым жасалууда" деп УКМКнын имаратынын алдында нааразычылык акциясын уюштурушкан.