Бүгүн, 4-февралда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде “жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү сөзсүз жогорку билимге ээ болушу керек” деген норманы алып сала турган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорун депутат Өмүрбек Текебаев демилгелеп жатат.
Демилгечи буга чейин айыл жеринде шайлоо комиссияларына мүчө болууну каалаган адамдардын баарынын эле жогорку билими жок, бирок алардын көпчүлүгү сабаттуу экенин айткан. Бирок аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары сөзсүз жогорку билимдүү болмокчу.