“Ооруп, ишке чыкпай жүрсөм, 5 жыл мурунку жумуштагы эскертүүмдү негиз кылып, мени иштен мыйзамсыз бошотушту”,- деп билдирди ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 4-февралдагы жыйынында Жогорку Соттун мурдагы басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев. Айтымында, бул боюнча арыз жазып, райондук жана шаардык сотто утулду.
“Белгилүү болгондой, эскертүүлөр жарым жылдан кийин күчүн жоготот. Анан да ооруп, ишке чыкпай жүргөндө мен жөнүндө буйрук чыгып жатат. Ушунун өзү мыйзамсыз. Эгер иштей албай жатсам, алгач эскертүү, анан сөгүш бериш керек эле”,- деди Рысалиев.
Бул иш Жогорку Сотто 12-февралда карала турганын кошумчалады ал.