Бүгүн, 4-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиялык жыйыны өтүп жатат. Ага саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева жана ушул тармакта эмгектенген кызматкерлер катышууда. Жыйында 2013-жылы аткарган иштердин негизги жыйынтыктары боюнча министрдин орун басары Марат Калиев доклад окуду.
Маалыматка караганда, 2013-жылы республика боюнча 12 853 дарыгер медициналык жардам көргөзгөн. Бул көрсөткүч 2012-жылы 12 718и түзгөн. Муну менен дарыгерлердин жетишпестиги төмөндөгөн. Алсак, 2011-жылы 1515, 2012-жылы 1326, 2013-жылы 1050 дарыгер жетишсиз болгон.