Чүйдүн Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатып, 3-февралда өз жанын кыйган 20 жаштагы Абдрасул уулу Кудайберген жакшы жүрүш-турушун көрсөтө алган эмес. Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов басма сөз өкүлдөрүнүн суроосуна жооп берип жатып айтты.
Анын айтымында Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы тарабынан болгон окуя боюнча текшерүү жүрүп жатат.
“Жоокер жөнүндө жүрүш-турушу жакшы болчу деп айтуу мүмкүн эмес. Анын кызмат өтөгөнүнө 10 ай болгон. Денесин текшерүүдө жаракаттардын изи табылган жок. Калган материалдарды тергөө жүргөндөн кийин ачыктайбыз”,- деди ал.
Эске салсак, 3-февралда аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокердин сөөгү жер төлөөдөн асынган бойдон табылган.