КРнын Коргоо министрлиги мөөнөтүү аскер кызматын өтөгөн жоокерлердин казармаларына видеобайкоо орнотууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылга бул максатка ылайыктуу каражаттар бөлүнгөн. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн жоокерлердин бардык казармаларында видеобайкоочу камераларды орнотуу пландаштырылууда. Учурда камералар сакчы пункттарында бар.
“Дедовщина” менен күрөшүү үчүн бир нече иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бирок баарын алдын ала караштырууга мүмкүн эмес”,- деди Сүйөркулов.