АКШнын энергетика министри Крис Райт электр энергиясынын өчүрүлүү коркунучун азайтуу максатында 13 штатта жана Колумбия округунда өзгөчө чараларды киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү, күз мезгилиндеги энергетикалык блокторду пландуу оңдоо жана электр өткөрүү линияларынын иштен чыгышы менен байланыштуу. Өзгөчө чаралар 2026-жылдын 13-октябрынан 16-октябрына чейин күчүндө болот.
Крис Райттын айтымында, бул чечим АКШнын Орто Атлантика аймагындагы миллиондогон үй-бүлөлөрдү жана ишканаларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого жардам берет.