Уланбек Рыскулов КРнын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
"У.Рыскулов буга чейин Геология мамлекеттик агенттигинин маалымат ресурстарынын башкармалыгынын жетекчиси кызматында иштеп келген. Ал Акылбек Маралбековдун ордуна мекеменин башчысынын орун басары болуп дайындалды",- деп маалымдайт басма сөз кызматы.