Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Досторум менен эмерек жасап иштейбиз.
Азырынча эмеректин 2 түрүн гана жасайбыз, бирок сертификатыбыз бар. Жакында дагы 3 түрүн кошолу деп жатабыз. Ал үчүн да сертификат алышыбыз керекпи? Суроо калтырган Fatally
Жооп: - Сиздин жасаган эмеректериңизге берилген шайкештик сертификатында кандай түрдөгү
эмеректерге берилгени көрсөтүлгөн болуш керек.
Эгерде жаңыдан башка түрүн жасап жатсаңыздар, анда аларга да сертификат алышыңыздар
керек же болбосо жаңы эмеректер үчүн “эмеректерди сериялык өндүрүү” деп
сертификат алсаңыздар да болот. Бирок мындай учурда шайкештик сертификатына тиркеме кошулат да, ага сиздер
чыгарган эмеректердин толук тизмеси кирет.
Суроого Экономика министрлигинен жооп беришти.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.