Биз социалдык тармакта

Өзбекстанда китеп окуган аскерлердин кызмат өтөө мөөнөтү кыскарышы мүмкүн

Өзбекстандын парламенти аскердик кызмат өтөө тартибин өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, документке ылайык, китеп окуу боюнча республикалык сынакта ийгиликке жеткендердин аскердик кызматы бир айга кыскарышы мүмкүн. Бул демилге аскерлер арасында китеп окууну жайылтуу жана алардын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, буга чейинки маалыматтарда Өзбекстандын Сенаты китеп окугандыгы үчүн абактагылардын жаза мөөнөтүн кыскартууну караган мыйзам долбоорун жактырган. Ага ылайык, ар бир окулган китеп үчүн жаза мөөнөтүн үч күнгө кыскартуу сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан