Владимир Путин “Кыргызгаздын” Орусияга сатылышы боюнча мыйзамга кол койду

Бүгүн, 4-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин “Кыргызгаздын” орусиялык "Газпром“ компаниясына сатылышы боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Маалыматты орусиялык ММКлар жарыялашты.

Эскерте кетсек, аталган маселени Орусиянын Мамлекеттик Думасы 17-январда ратификациялаган.

Аталган макулдашууга ылайык, "Кыргызгаз" "Газпромго" 1 долларга сатылды. Орусиялык компания Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүү үчүн 5 жыл ичинде 20 миллиард рубль инвестиция салат. Кыргызстанды үзгүлтүксүз газ менен камсыздоону, "Кыргызгаздын" бардык карызын төлөп берүүнү моюнга алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан