Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде бүгүн, 4-февралда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутатынын кайрылуусу каралды. Кайрылууда Кара-Көл шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалардын элге кызмат кылбай жатканы айтылат.
“Алёнушка” бала бакчасында спирт ичимдиктерин чыгарган ишкана жайгашса, “Колокольчик” бала бакчасын 1990-жылы шаардын мэри жеке менчигине өткөрүп алган”,- дейт шаардык кеңештин депутаты Бакытбек Кыргызалиев.
Башкы прокуратуранын өкүлдөрү айрым иштер боюнча эскирүү мөөнөтү аяктап, айрым иштер сотто каралып жатканын айтышты.
Жыйынтыгында өкмөткө Кара-Көл шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды мамлекетке кайтарып алуу, ага күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилди.