Суроо: - Бишкекте иштеп жаткан цехтер көп. Баарынын сертификаты бар деп айтуу мүмкүн эмес. Негизи, бул сертификатты кайсы орган берет жана алуу үчүн акча төлөш керекпи? Суроо калтырган Compact
Жооп: - Бишкекте канча цех иш алып барып жатканы жөнүндө бизде маалымат жок. Алар жасап чыгарган эмеректердин сертификаты бар же жок экенин экотехинспекциядан сураш керек. Негизинен продукцияларды сертификациядан өткөрүү үчүн ал продукциялар атайын аккредиттелген сыноо лабораториялардан өтүш керек. Булардын баары акы төлөө аркылуу аткарылат. Шайкештик сертификатын негизинен аккредиттелген сертификаттоо органдары берет. Бүгүнкү күндө республика боюнча 14 орган иштеп жатат. Ал эми Бишкекти ала турган болсок, алардын ичине төмөнкү органдар кирет:
1. Сыноону сертификаттонун жана метрология борбору (Бишкекский центр испытаний,сертификации и метрологии); 2. Стандартсертик жана башкалар;
Суроого Экономика министрлигинен жооп беришти.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.