Кыргызстандын жарандары Орусияга баруудан мурун Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинде" бар же жок экенин КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин коомдук кабылдамасынан биле алышат. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Бишкек шаарындагы Чүй-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Коомдук кабылдамасынын байланыш телефону: (0312) 62-04-35.