Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө 6 айга тыюу салуу боюнча токтомго өзгөртүүлөрдү киргизилди.
Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Тыюу салуу Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган инвестициялык долбоорлордун алкагында импорттолгон товарларга жайылтылбайт.
Эске салсак, сентябрь айында өлкөгө айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынганы маалымдалган. Мындай чектөө бетон блоктору, кыш, плитка, айнек, алюминий жана жез кабелдерине тиешелүү болчу.