Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК КАБАР: Кара-жыгачтыктар тротуарга токтотулган унаалардын айдоочуларына нааразы (видео)

Бишкектин Кара-Жыгач кичи районундагы жашоочулар тротуарга унааларын токтотуп койгон айдоочуларга нааразычылыгын билдиришүүдө. Алар бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, видео жөнөтүштү.

Жергиликтүүлөр айрыкча жаш балдар жана коляска менен унаа жолдон өтүү кооптуу болуп жаткандыгын белгилешүүдө.

"Кара-Жыгач конушундагы, мурдагы Лев Толстой, азыркы Шабдан баатыр көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр баса турган жолго унаалар менен мотоциклдерди дайыма токтотуп коюшат. Айтсак да, эч ким кулак салбай жатат. Коляска менен өтүүгө мүмкүн эмес. Балдар мектептен келе жатканда да кооптуу, анткени унаалардын айынан жолдун ары жагына өтө албай, унаа тынымсыз каттаган жолго чыгууга аргасыз болушат",- дешти тургундар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Тротуарга токтотулган унаалар качан тазаланат?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан