Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөдө унаалар, унаа тетиктери 60 пайызга, кийим 25-30 пайызга кымбаттайт. Муну бүгүн, 4-февралда Социалдык ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Мирбек Асангариев КТРКдагы түз эфирде билдирди. Айтымында, мунун баары алдын ала эсептелди.
“Казакстанды эле мисалга алсак болот. Унаа тетиктери кымбаттап, эми Орусиядан чыгарылган Лада үлгүсүндөгү унааларды мине башташты. Биримдикке кирсек, Кытай жана Түркиядан кийим алып келүү токтойт, кийимге болгон баа 30 пайызга чейин өсүшү күтүлөт. Өзүбүздө өндүрүлгөн эт менен өлкөнү толук камсыздай албай жатабыз, анан эттин көбү экспорттолуп кетсе, баалар сөзсүз асмандайт”,- дейт Асангариев.
Эксперт Бажы биримдигин “саясий долбоор” деп атап, келечекте Кыргызстандын эгемендигине таасир эте турганын айтты.
“Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдө бирдиктүү валюта болушу керек” деп айтылууда. Орусия сөзсүз рублду киргизүүгө аракет кылат. Кыргызстан бара-бара саясий, экономикалык маселелерди өз алдынча чече албай калат. Анын үстүнө Бажы биримдиги өзүнүн туруктуу долбоор экенин көргөзө элек. Казакстан менен Беларусь “эгер ушундай темп менен кете берсе, биримдиктен чыгышыбыз мүмкүн” деп билдирүүдө. Казакстан бул биримдикке кошуларда айыл чарба тармагын өнүктүрүүнү ойлогон, бирок андай болбоду. Тескерисинче, айыл чарба өндүрүмү түшүп, Орусияныкы өстү”,- деп кошумчалады эксперт.
Асангариев Бажы биримдигине кирүүдө эмгек мигранттары тууралуу азырынча сөз жок экенин да айтты.