Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде 4-февралда “Бишкек шаарында 2013-жылдын 9-октябрында кол коюлган Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы “Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 16,5 миллион доллар бөлөт. Мыйзамды палатага чыгаруу чечими кабыл алынды.
Комитетте “Улуттук архивдик фонд жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалымат да угулду. Жыйынтыгында өкмөткө 2014-жылдын 1-июнуна чейин архивдик иштерди жакшыртуу тапшырмасы берилди.