Президент Алмазбек Атамбаев 3-февралда “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө КРнын кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду
Мыйзам эл аралык автомобилдик ташуулар тармагында Кыргызстандын мыйзамдарынын, КРнын өкмөттөр жана ведомстволор аралык макулдашууларынын талаптарын бузган ата мекендик жана чет өлкөлүк автоунаа ташуучулардын администрациялык жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс чет өлкөлүк жана ата мекендик жүк ташуучулар тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз ишке ашыргандыгы, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтегендиги жана башка тийиштүү эрежелерди бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик караган ченемдер менен толукталат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 1 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.