Казакстанда маймыл чечегинин өлкөгө киришин алдын алуу максатында мамлекеттик чек арадагы санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, өлкөдө инфекциянын кеңири жайылуу коркунучу төмөн деп бааланууда. Бирок башка мамлекеттерде оорунун катталышына байланыштуу вирустун өлкөгө кирип келүү ыктымалдыгы жокко чыгарылбайт. Чек арадагы өткөрмө пункттарда текшерүү күчөтүлүп, маймыл чечеги катталган өлкөлөрдөн келген жарандардын абалы көзөмөлдөнүүдө. Медициналык мекемелер инфекцияны өз убагында аныктоого даяр.