Ошто курулуш материалдарын өндүрүүчү ишкана айыпка жыгылды
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ленин-Бак айылында курулуп жаткан курулуш материалдарын өндүрүүчү объектте мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, ишкананын курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтери толук эмес экени аныкталды. Жыйынтыгында объекттин ээсине 200 миң сом айып пул салынды.