Биз социалдык тармакта

Ырчы Султан Садыралиев жогорку билим тууралуу диплом алды (видео)

Бүгүн, 19-октябрда ырчы Султан Садыралиев жогорку билим тууралуу диплом алганын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасыда видео бөлүштү.

"Көптөн күткөн күн келип, кезектеги кубанычтуу жаңылыгым менен бөлүшүп жатам! 2026-жыл мен үчүн абдан жемиштүү болду: оболу наамга ээ болсом, эми минтип жогорку билимди да аяктадым. Чыгармачылыкты ичинен таанып, аралашып жүрүп диплом алдым. Мен тапшырган кезде Искусство институту болсо, азыр университетке айланды. Арадан 23 жыл өтүптүр... Мага билим берип, колдоп келген окуу жайымдын ректору Түмөнбай Колдошовго, деканым Мээрим Искендеровнага жана кураторум Мээрим Белековнага терең ыраазычылык билдирем!",- деп жазды ырчы.

Ырчы Султан Садыралиев жогорку билим тууралуу диплом алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан