Бишкек шаарындагы жашыл массивди зыянкечтерден коргоо боюнча иш-чаралар акыркы 20-25 жыл аралыгында жүргүзүлгөн эмес

Бишкек шаарындагы жашыл массивди зыянкечтерден коргоо боюнча иш-чаралар акыркы 20-25 жыл аралыгында жүргүзүлгөн эмес. Мунун натыйжасында борбор шаардагы өсүмдүктөрдүн абалы начарлап кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кечээ, 4-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, 2011-жылдан тарта эмен, кара жыгачтардын зыянкечтерден жапа чегүүсү күчөгөн. 2012-жылы жайында Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан 75 гектар эксперименталдык аянттагы бак-дарактарды “Лепидоцид СК-М” дарысы менен дарылоо жүргүзүлүп, анын таасир берүүсү изилденген. Натыйжада аталган дары зыянкечтер менен күрөшүүдө эффективдүүлүгүн көргөзгөн. 

Ошондой эле “Лепидоцид СК-М” дарысынын адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизбестиги далилденген. Мындан улам КРнын Улуттук илимдер академиясы Бишкек шаарындагы жашыл массивди “Лепидоцид СК-М” дарысы менен дарылоону сунуш кылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан