“Маалымат булактарында быйылкы сууктан 150 адамдын тоңуп өлгөнү айтылууда. Маалыматтын канчалык чын экенин билели”,- деди ЖКнын 5-февралдагы жыйынында Абдрахман Маматалиев. Айтымында, бул көрсөткүч өтө көп.
“Эгер чын эле ушундай болсо, анда дүйнөгө шерменде болдук. "Кыргыздардын баары сууктан кырылып калды" дешет”,- дейт депутат. Төрага Асылбек Жээнбеков бул суроого өкмөт өкүлдөрү тийиштүү жообун бере турганын айтты.