Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборунун кышка даярдыгы талкууланды. Депутат Таалайбек Масабиров ЖЭБдин даярдыгы жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча суроо узатты.
Бишкек ЖЭБинин директору Нурлан Кулжыгачов бардык даярдыктар көрүлгөнүн билдирди.
"Бардык даярдыктар бар. Сиз айткан авариялык учурлар жылына эле каттала бербейт. Майда-чүйдө оңдоо иштери жүрүп калышы мүмкүн",- деди Кулжыгачов.
Буга жооп катары Масабиров аварияны майда көйгөй катары кароого болбой турганын айтып, кышында жылуулуктун үзгүлтүккө учурашы тургундарга кыйынчылык жаратарын эскертти.
"Эгерде ызгаар суукта авария болуп калса, канчалаган адамдар жылуулук жок отурушат. Анча-мынча көйгөй деген болбойт, ошон үчүн даярдыгыңар жакшыраак болушу керек. Анча-мынча авария деген силерге оюнчук эмес",- деди Масабиров.