Биз социалдык тармакта

Баткендин Чек айылында жаңы суу системи курулууда

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системи курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, 1972-жылы курулган суу тутуму эскирип, айыл тургундары таза суу тартыштыгына туш болуп келишет. Долбоордун алкагында көлөмү 700 метр куб болгон эки суу сактагыч курулуп, 35 чакырымдан ашык суу түтүгү тартылат. Натыйжада 5 миңден ашуун тургун таза суу менен камсыз болот. Ошондой эле социалдык объекттерге суу үзгүлтүксүз берилет. Долбоорду 2028-жылдын биринчи кварталында аяктоо пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан