Биз социалдык тармакта

Ноокенде жайытта мотоцикл айдагандарга айып пул салынды (видео)

Бүгүн, 21-октябрда Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында өткөрүлгөн рейдде жайыт жерлерди мототранспорт менен тепсеген эки адамга айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга жалпы 11 миң сом айып пул салынды. Ар бир жаран 5500 сомдон төлөөгө милдеттендирилди. Рейд Министрлер кабинетинин айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын пайдаланууну чектөө жөнүндө токтомунун аткарылышын камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн.

Ноокенде жайытта мотоцикл айдагандарга айып пул салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан