Парламентте бүгүн, 5-февралда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин башчылыгына Таалайбек Айдаралиевди бекитүү маселеси каралууда. Талапкерди депутаттарга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тааныштырды. Анын өмүр баянын кыскача окуп берди жана колдоп коюуну депутаттардан суранды .
“Ар-намыс" фракциясынын квотасы менен сунушталган талапкер. Иш билги адис катары өзүн көрсөтө алган. Колдоп коюңуздар”,- деди премьер.