Биз социалдык тармакта

"7 эмес, 70 жыл бериңиз!" Абактагы Темирлан Султанбеков президентке кайрылды

"Социал-демократтар" партиясынын лидери, абактагы Темирлан Султанбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, аппеляциялык арызды кароону ачык сот алдында өткөрүүгө чакырды.

Анын соцтармактагы баракчасына жазган каты жарыяланды. Султанбеков өзүнө карата чыккан сот өкүмүн саясий куугунтук катары айыптаган.

"Жети жыл эмес, 70 жыл бериңиз! Бирок аппеляциялык сот отурумун ачык, коомчулуктун катышуусунда өткөрүңүз. Эки-үч мүнөттүк үзүндү болгон, өзгөртүлгөн жана үнү сырттан кошулган видеону кайра-кайра көрсөтүү ыплас аракет. Сот видеотасмага техникалык-соттук экспертиза жүргүзүү өтүнүчүн четке кагып, ачык эле "бул жасалма экени, фейк экени жөнөкөй көз менен караганда эле даана көрүнүп турат" деп айтты",- деп жазылат анда.

Эске салсак, 8-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Султанбековду Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кылмышка шериктештик" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, аны жети жылга абакка кескен.

Султанбеков былтыр 22-ноябрда массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип кармалган. ИИМ анын белгисиз адам менен сүйлөшкөн видеосун тараткан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан