Өкмөт башчы: "Мурунку айыл чарба министринин иштен бошотулушуна бир нече долбоорлорду аткара албаганы себеп болду"

Жантөрө Сатыбалдиев парламенттин 5-февралдагы жыйынында "мурунку айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевдин иштен бошотулушуна бир нече ири долбоорлорду аткара албаганы себеп болду" деп билдирди. Айтымында, экс-министрге мурда эскертүү да берилген. "2013-жылы Аксыдагы Иринжит каналы бүтүшү керек болчу. Бирок бүткөн жок. Мындан башка да бир катар долбоорлор ишке ашпай калды. Ушундан кийин арыз жазууга аргасыз болду",- деди Сатыбалдиев. 

Айта кетсек, жыйында айыл чарба жана мелиорация министри кызматына Таалайбек Айдаралиевдин талапкерлиги каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан