Айыл чарба жана мелиорация министрлигине татыксыз талапкер сунушталып жатат. Муну бүгүн, 5-февралда парламент жыйынында депутат Исмаил Исаков билдирди. Жыйында депутат Исаков министрлик кызматка талапкер Таалайбек Айдаралиевге суроо берип, бирок алган жообуна канааттанбаганын билдирди. “Урматтуу өкмөт башчы, сиз татыксыз талапкерди сунуштап жатасыз. Министр болчу адам башкача жооп айтышы керек эле. Бул киши өтө эле төмөн түшүп кетти”,- деди.
Ал эми депутат Жылдыз Жолдошова талапкерге: “Сиз тааныш аркылуу гана талапкер болуп калыпсыз”,- деп айтты.
Таалайбек Айдаралиев депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.