Парламент: Алтынбек Сулайманов менен Кожобек Рыспаев чатакташып кете жаздашты

Парламентте бүгүн, 5-февралда айыл чарба жана мелиорация министри кызматына Таалайбек Айдаралиевдин талапкерлиги колдоо тапты. Ага 83 депутат “макул” деп добуш берди. Жыйында талапкердин айынан депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Кожобек Рыспаев чатакташа кетейин деп барып басылышты. Сулайманов талапкерге дарак көчөттөрү боюнча суроо берип, туура эмес жооп алды. “Мына, мактаган талапкериңер өзү билбейт. Ушул тармакта иштеп жүрүп эмнеге билбейт?”- деди Сулайманов. Буга “ар-намысчы” депутат Кожобек Рыспаев каршы чыкты. “Жаңылбас жаак болбойт, бир жолу туура эмес жооп берсе, жабылып сындай бербейли да. Иштеп көрсүн, байкайлы”,- деди. Мындан кийин Сулайманов менен Рыспаев бири-бирин көздөй басып барып, чатакташа кете жаздашты.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан