Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Балбак Түлөбаев президенттин демилгелерин колдоого алды.
Ал мамлекет башчысынын студенттер үчүн насыялык окууну киргизүү планы жана жер мунапысынын экинчи баскычын баштоо боюнча тапшырмасы негиздүү дейт.
"Президенттин демилгелерин сүйүнүү менен кабыл алып, жүргүзүп жаткан саясатынын тууралыгын билдиргим келет. Студенттерге берилген окуу боюнча насыясы колдоого аларлык. Болгону мунун пайызы аз болуш керек.
Мамлекеттин студенттерге көңүл бура баштаганы өтө кубанычтуу. Президентибиздин дагы бир эң чоң жакшы нерсеси - бул жер мунапысын улантуу. Муну элди жалдыратпай тездетип бүтүрүшүбүз керек",- деди Түлөбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу жасаган билдирүүсүндө.