Бишкек шаарындагы Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган айыл өкмөттүн карамагындагы жер тилкелерине байланыштуу 200дөн ашуун жарандан арыз түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө уланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле жагдай боюнча Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана кызматкери кармалган.