Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөсү Сезим Жуманазарова ак жоолук салынган видеосун жарыялады.
Видеодон балбан кыздын унаа менен Дубайдын көчөлөрүн кыдырып жүргөнүн көрүүгө болот. Буга чейин анын жигити аталган шаарда спортчунун колун сураган. Видеодон улам түгөйлөрдүн тою болгону болжолдонууда.