Азия чемпиондугунун жана Дүйнө биринчилигинин байге ээслери сыйланышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, бүгүн, 23-октябрда спортчулар Амина Айбек кызы менен Уултай Жекшенбекова ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Аларды калаа бийлигинин Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов кабыл алган.
Айта кетсек, Амина Айбек кызы 28-июлдан 1-августка чейин Малайзиянын Путражая шаарында өткөн GAMMA уюмунун ММА боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль жеңип алган. Спортчу 18 жашка чейинкилер (U18) арасында 56 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалдык беттеште Таиланддын өкүлүн жеңген.
Ал эми Уултай Жекшенбекова 2025-жылдын 1-4-ноябрында Грециянын Лутраки шаарында өткөн UWW уюмунун грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда ийгиликтүү оюн көрсөткөн. Ал 15 жашка чейинкилер (U15) арасында 40 килограммга чейинки салмак ченинде Gi бөлүгүндө күмүш, ал эми NoGi бөлүгүндө коло медаль тагынган.