Парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутаттар “Кумтөр” тууралуу өкмөттүн жаңы келишими боюнча фракциялар аралык макулдашуу комиссиясын түзүп, кыска аралыкта өз ара сүйлөшүү жүргүзүү чечимине келишти. Комиссия “Кумтөр” боюнча жыйынга бирдиктүү пикир алып чыгууга аракет кылат. Сунуш депутат Анарбек Калматов тарабынан айтылып, 77 депутат "макул", 10 депутат "каршы" добуш берди. Саат 11:20га чейин танапис жарыяланды.