Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Кумтөр" маселесин чечүү ачык- айкын жүргүзүлгөнү жакшы жышаан”

Бүгүн, 5-февралдагы маалымат жыйынында саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Кумтөр” маселесин чечүү ачык- айкын жүргүзүлүп жатканы да жакшы нерсе” деп билдирди.

 “1993, 1997, 2003, 2004, 2009-жылдары "Кумтөр" боюнча кабыл алынган келишимдерге кол коюп, ким тарабынан талкуулар жүргүзүлгөнүн билбей келгенбиз. Бүгүнкү күндө бул багытта жылыш байкалууда. Акыркы эки жылдан бери бардык талкуулар ачык-айкын жүрүүдө. Мындан сырткары коррупциялык жол менен келишим түзгөндөргө Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп жатат. Мунун баары өлкөдөгү жакшы жылыштын белгилери”,- деди саясат таануучу.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан