Бүгүн, 5- февралда Ош шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында 2014-жылдын бюджети талкууланып жатат. "Улуттар биримдиги" фракциясынан депутат Нуркыз Кадырбек кызы "өткөн жылы кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча бөлүнгөн каражат максатсыз колдонулган" деп билдирди.
Анын айтымында, өзбек мектептерине 60 миң сом, "Кыргызча сүйлөйлү" деген акцияга 24 миң сом бөлүнгөнү - маскарачылык.
"2013-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн 1 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн экен. Анын дээрлик 800 миң сому ар кандай дил баяндар, "Ырдайсыңбы кыргыз ырларын?" сыяктуу сынактарга берилип, максатсыз колдонулган. Эмне үчүн Ош шаардык мамлекеттик тил боюнча комитети илимий практикалык конференция уюштурбайт? Эмнеге орус тилдүү мугалимдер суранып жаткан колдонмону чыгарышпайт? Бийликтегилердин тилге болгон кайдыгерлиги көрүнүп жатат",- деди депутат.