Жантөрө Сатыбалдиев: “Кумтөр” боюнча үлүштү 67 пайыз кыла алган жокпуз”

Парламенттин 5-февралдагы жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” боюнча Кыргызстандын үлүшүн 67 пайыз кылууга мүмкүн болбогонун айтты. “Өкмөт мүмкүн болгон бардык варианттарды карап көрдү. Бирок “Центерра” үлүштү 50 пайыздан ашыра албай турганын расмий түрдө жарыялады”,- дейт Сатыбалдиев.

Премьер-министр эл аралык соттошууда Кыргызстандын утуп чыгышына кепилдик жок экенин айтат. “Эксперттер, юристтер менен сүйлөшүп көрдүм. Бирок алар сот иши боюнча алдын ала пикир айтуу мүмкүн эмес экенин билдиришти. Соттошсок “Кумтөр” ишканасы токтогону турат. Канада тарапка ири суммада компенсация төлөөгө мажбур болобуз”,- деди ал.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан